Парламенттин профилдик комитети тамекиге акцизди жогорулатууну колдоду

  17.04.13   08:37
 338

Кечээ, 16-апрелде, парламенттик комитеттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттар сигаретке карата акциздик салыкты жогорулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдошту.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, тамеки рыногундагы салык төлөө өндүрүүчүлөргө жана аны ташуучуларга республикага болгону арзан сигарет алып келүү пайдалуу болгондой кылып түзүлгөн. Депутат 150 сомдук акцизден тышкары эң жогору чекене соода үчүн 8% кошумча алына турганын түшүндүрдү. "Жана 60 сомдук сигаретке 8% кошумча төлөбөш үчүн аны ташуучуларга көбүрөөк арзан сигарет алып келүү пайдалуу",- деп белгиледи Бекешев.

Бекешев эртеби кечпи Кыргызстан тамеки тармагындагы азыр иштеп жаткан салык төлөө системасынан кете турганын айтты. "Учурда бизде 75 пайыз сигарет импорттолот. Биз Reemtsma компаниясын эркелеттик, акыры бул эмнеге алып келди? Тамеки өстүргөндөрдүн жагдайы ого бетер начарлап кетти",- деп белгиледи ал.

Reemtsma компаниясынын өкүлү Руслан Чыныбаев акциздик салыктын жогорулашын колдой турганын айтты. "Бизди эсептөө ыкмасы канааттандырбайт. Анткени акциздик салык кымбатпы же арзанбы баардык сигареттерге салынат. Биз эсепти мурдагыдай калтырып, бирок ставканы жогору кылууну сунуштайбыз", -дейт ал.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222767

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.