Москва районундагы жол кырсыкта жабыркагандардын аты-жөнү такталды

  17.04.13   08:45
 311

Кечээ, 16-апрелде, Москва районунда болгон жол кырсыкта жабыркагандардын аты-жөнү такталды. Ошондой эле каза болгон аялдын да ким экени аныкталды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Билдирилгендей, ар кандай жараттардан жабыркаган жүргүнчүлөр Москва районунун территориалдык ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, унаалардын бири жолдун карама-каршы кыймыл болуп жаткан сызыгына чыгып кеткен.

Каза болгондордун ичинде 1947-жылы туулган Салима Нурмиева – Бишкек шаарынын тургуну бар. Каза тапкан дагы үчөөнүн аты жөнү такталууда: анын экөөсү 30-35 жашар азиат улутундагы эркектер жана 35-40 жашар европа улутундагы айым.

Жабыркагандардын тизмеги:

- Токушева Айнура, т.ж. 1974 Талас облусу;

- Тулешева Сагын, т.ж. 1950 Маловодный айылы;

- Полянинов Игорь, т.ж. 1991 Садовый айылы;

- Колмурбаев Шеринбек, т.ж. 1959 Кара-Балта шаары;

- Богданцев Сергей, т.ж. 1969 Первомайский айылы;

- Богданцева Лариса, т.ж. 1969 Первомайского айылы;

- Мазин Виктор, т.ж.1987 Полтавка айылы;

- Шурхаев Владимир, т.ж. 1958 Бишкек шаары;

- Шурхаева Лариса, т.ж.1959 Бишкек шаары;

- Исхаков Руслан, т.ж. 1960 Новопокровка айылы;

- Исаев Расул, т.ж.1991 Садовый айылы;

- Шалифу Рашид, т.ж. 1984 Садовый айылы;

- Субанкулов Кубатбек, т.ж. 1991 Ак-Суу айылы;

- Иманалиев Сахно, т.ж. 1963 Бишкек шаары;

- Абдылдабеков Марат, т.ж. 1986 Жыламыш айылы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222769

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.