Бишкектин өрт өчүрүүчүлөрү күйүп жаткан үйдөн үй ээсин куткарышты

  17.04.13   08:51
 356

Бишкектин өрт өчүрүүчүлөрү күйүп жаткан үйдөн үй ээсин куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери билдиришти.

Өрттөнүү жөнүндө маалымат пультка бүгүн, 17-апрелде, таңкы саат 4 келип түшкөн. Ибраимов көчөсүнө өрт өчүрүүчүлөр чыгышкан. Үйдөгү бөлмөлөрдүн бири өрттөнүп, ичиндеги төшөк-жууркан жана эмерек күйүп жаткан экен. Өрт чыгуусунун себеби, төшөктө жатып алып, чылым чеккендиги болгон.

Өткөн бир сутка ичинде борбор шаарда 3 өрттөнүү катталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222770

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.