ФБР: Бостондогу жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек

  17.04.13   09:06
 269
 

АКШнын Федералдык чалгын Бюросу (FBR) Бостондогу жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчиликти ала электигин, кылмышка шектүүлөр иликтенип жатканын билдирди. Атайын агент Ричард Де Лорье Бостондо марафондо жарылган бомба мискейлерде катылган болушу ыктымал экенин айтты. Окуя болгон жерден жардыргыч зат салынып келиши мүмкүн делген кара нейлон баштыктар табылды. Адистер колго жасалган бомбалар үчүн капкагы катуу жабылган, тамак тез бышкан мискейлер көп колдонуларын белгилешет, деп билдирет "Азаттык" .

Дүйшөмбүдөгү жардырууларда үч адам, анын ичинде сегиз жашар жеткинчек набыт болду. Дагы170тей адам жаракат алды, алардын 17нин абалы оор. Президент Барак Обама жардыруулар "терракт" катары иликтенип жатканын билдирди. Обама Бостонго бейшемби күнү барганы жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222771

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.