ТИМ Корей жарым аралындагы кырдаалдан улам чара көрүүдө

  17.04.13   09:08
 314
 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы кыргыз элчилиги менен биргеликте Корей жарым аралындагы соңку кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди. Кореядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөру менен жолугушуу өттү. Кыргыз жарандар жыш жашаган аймактардын болжолдуу тизмеси түзүлдү. Элчиликте өздөрү турган жер тууралуу ыкчам маалымат берүү үчүн он-лайн байланыш ачылды. Кырдаал курчуп кетсе жардам берүү, эвакуациялоо ыкмалары такталды. Элчиликтин маалыматына ылайык, Түштүк Кореяда учурда 3 миң чамалуу кыргыз жараны бар.

Соңку учурда Түндүк Кореянын Түштүк Кореяга, Жапонияга жана аймактагы америкалык базаларга карата коркутуп-үркүтүүсү күч алды.

"Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222772

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.