Венесуэла: оппозиция лидери митингден баш тартты

  17.04.13   09:10
 285
 

Венесуэлада оппозиция лидери Энрике Каприлес бүгүн, шаршембиге белгиленген митинг болбой турганын жарыялады. Жаңыдан шайланган өлкө президенти Николас Мадуро добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылардын кечээки акциясында 7 адам өлгөндөн кийин бүгүнкү митингди өткөрүүгө жол бербей турганын айткан. Каприлес бийликти добуштарды кайра саноодон качып, атайын зордук-зомблукка барды деп айыптады. Бул тууралуу "Азаттык" билдирет.

Улуттук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо Мадуро 50,8 пайыз добуш алганын, ал эми Каприлести 49,1 пайызы колдогонун маалымдаган. Мадуро 19-апрелде ант кармап кызматка расмий киришет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222773

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.