Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы эң кедей жана эң бай региондорду атады

  17.04.13   10:05
 517

Жети-Өгүз жана Тогуз-Торо райондорунда калктын жардылыгы 75% жогору, бул эң кедей региондор деп аталышты. Бул тууралуу жүргүзгөн иликтөөдөн кийин Дүйнөлүк банк билдирди.

Эң эмгекчил калк Ысык-Ата, Талас жана Ноокен райондору экени аныкталды. Бул региондордо калктын жардылыгы 15% жогору эмес.

Жардылыктын визуалдык жайгашуусун Кыргызстандын картасынан карай турган болсок, эң кембагал райондор мамлекеттин ичкерисинде жайгашкан.

Кыргызстандын чек ара райондорунда калктын жардылыгынын пайызы бир аз төмөнүрөөк. Бул кошуна мамлекеттер менен алака түзүлгөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Өзгөчө Казакстан менен чектешкен аймактар.

Бишкек менен Ош деген ири шаарларда да калктын жардылыгынын пайызы салыштырмалуу төмөн. Бирок, кембагал калктын концентрациясы жогору. Бул ошол аймактагы жардылык менен күрөшүүнүн токтотуу керек дегендик эмес. Тескерисинче, эффективдүү жана даректүү жардам берүү үчүн, жардылыктын эпицентрин аныктап, аны азайтууга умтулуу зарыл.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222776

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.