Өспүрүм балдардан жашыруун түрдө жалданма аскер даярдап жатышат

  17.04.13   10:15
 382

Бүгүн, 17-апрелде, парламенттин пленардык жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Дастанбек Жумабеков, Ош облусунан өспүрүм балдар өлкөдөн чыгарылып, Түркия аркылуу башка өлкөлөргө жеткирилип, алардан жалданма аскер даярдалып жатат деп арызданып, кайрылгандардын саны көп болуп жаткандыгын билдирди.

"Мага ошондой өспүрүмдөрдүн ата-энелери чалып жатат. Аларга Стамбулдан балдары чалып – бизди "наемник" кылышат экен деп айтышыптыр. Бул маалыматты текшерип, чара көрүү зарыл", - деди Жумабеков.

Парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков, "бул маселени жогорку деңгээлде көзөмөлгө алышты" , - деп жооп берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222777

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.