СС министринин орун басары кызматынан бошогондугун Интернеттен билди

Бүгүн,17-апрелде, Болот Элебесов "ВБ"га эмне себептен Саламаттыкты сактоо министринин орун басар кызматынан бошотулгандыгын түшүнбөй турганын билдирди
  17.04.13   10:36
 376

Ошол эле учурда, анын ордунан алынышы, 12-апрелде өкмөттүн жыйынында, Камила Талиеванын министрликтерге сын-пикир айткандыгына байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдоолорун айтты.

"Кызматыман бошотулгандыгым тууралуу кечээ эле Интернет аркылуу билдим. Менин жумуштан кетирилишим, Камила Талиеванын мамлекеттеги саламаттыкты сактоонун акыбалы абдан начар деген билдирүүсүнө байланыштуу. Бирок бул андай эмес. Мисал үчүн эне менен балдардын арасындагы катталган өлүмдүн саны кыйла кыскарган. Ал эми кургак учук менен ВИЧ/СПИД боюнча айтылган сандар, бул алдын ала белгилүү жыйынтыктар эле. Алардын санынын өсүп жаткандыгы, оорулууларды аныктоо иши жакшыраак жүрүп жаткандыгына байланыштуу. Мага негизги себеби түшүнүксүз бойдон калып жатат. Себеби мен каржылык жагын гана тейлейм. Жалпысынан айтканда мени жумуштан алууга негиз жок" , - деди Элебесов.

Ал эми ССМде Болот Элебесовду кызматынан бошогондугу тууралуу буйрук боло электигин кабарлашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222778

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.