Осмоналиев олуя окшойт

  17.04.13   11:11
 470
 

УКМКнын байкоочу кеңешинин төрагасы К. Осмоналиев кыйын экен эй. Буга чейин "Коррупционер" деген эмне?" деп башабыз жетпей жүрчү. Бу жигит минтип турбайбы: "коррупционер "таза кандуу" жана "Аргасыз" болуп экиге бөлүнөт. "Таза кандуусунда" баары бар, бирок, баары бир алгысы келип, алкымынан чертип турат. Ал эми "аргасызында" эч нерсе жок, жылаңач. Үйүндө катыны какшанып, балдары ачка ыйлап отурат. Анан аргасыздан коррупциялык иштерге барат". Мындай диагнозду мурун-кийин укпаптырбыз. Бирок, туура койгонуна тан бербеске айла жок. Буга караганда Осмоналиев тим эле олуябы деп калдык.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222780

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.