Атамбаев аксакалдарга Ормон хандын 220 жылдыгын өткөрүү боюнча убада берген

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон Ормон Ниязбек уулунун 220 жылдыгы белгилене элек.
  17.04.13   11:28
 540

Ормон опуза аткан конгон Ормон Ниязбек уулунун 220 жылдыгын белгилөө боюнча өкмөттүн токтому чыкса да ушул күнгө чейин мааракеден кабар жок. Бул тууралуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө аймактык округунун башчысы Темирболот Абыкеев "Жаңы Агымга" билдирди.

Аталган аймак эки айылдын башын бириктирип, жалпысынан Ормон хан деп аталат. Айыл башчысы: "Кыргыз мамлекетин курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхий инсан, чоң манап Ормон хан Ниязбек уулунун 220 жылдык мааракесине арналган КРнын Өкмөтүнүн 2012 жылы 17-августунда №413-буйругу чыгып, иш-чарасы бекитилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кабар жок", - деп каңырыгы түтөдү.

Эске салсак, Ормон хан 1792-жылы туулуп, 1855-жылы көз жумган. Ал түптүү бий тукумунан болгон жана кыргыздардын жогорку бийлик даражасы болгон хан статусун алган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Алмазбек Атамбаев айыл аксакалдары менен жолугушканда Ормон хандын 220 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө убада берген. "Президенттин убадасы, өкмөттүн токтому аткарылганча Ормон Ниязбек уулу 221ге чыгып кетмей болду" - дейт айыл аксакалдары.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222781

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.