Орусияда кыргыздардын уюму түзүлдү

  17.04.13   11:46
 405
 

Орусияда кыргыздардын уюму түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун билдирди.

Жаңы түзүлгөн уюм жетекчилиги акыйкатчыга кат жолдоп, Орусияда иштеген кыргыз мигранттардын укугун коргоо жаатында биргелешип иштөө сунушун айткан. Жаңы бирикме "Кыргыздардын жалпы Орусиялык уюму" деп аталат. Анын алгачкы жыйыны 14-апрелде Москвада өттү. Жыйынга орус жергесинде жашап иштеген кыргыздардын коомдук бирикме башчылары жана Москва менен Москва облусунда жашаган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.

Орусияга иштегени кеткен кыргыздар боюнча расмий статистика жок. Бирок айрым маалыматтарга караганда, алардын саны бир миллионго чукулдап калды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222784

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.