Депутаттар: Боз үй тигип, көгөрүп жатмай Көк-Ой айыл өкмөтүнө жетти

  17.04.13   12:12
 321

"Жаңы Агым" реадакциясына келген Жумгал районунун Көк-Ой айлынын жергиликтүү кеңешинин депуттары Элмира Бердигулова, Жаңыл Үсөнова Көк-Ой айыл аймагынын башчысы Ынтымак Өмүров КРдин аракеттеги мыйзамдарын одоно бузуп, жарандардын укуктарын тебелеп-тепсеп буга чейин айылдагы мыйзамдуу түрдө алынган жер үлүштөрүн басып алуу жолу менен башка жарандарга берип жатканын маалымдашты.

"Анын мыйзамсыз иш-аракеттерине карата Жумгал районунун прокуратурасына, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясына жана Нарын обулустук ИИБисине кайрылдык. Бирок эч кандай тыянак чыккан жок. Азыркы тапта Көк-Ой айыл аймагынын башчысы Ынтымак Өмүров айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына боз үй тигип алып, туугандарын, мыйзамсыз жер алып берген талапташтарын чогултуп, "Ынтымак Өмүровду коргоо" комитеттин түзүп айылга дүрбөлөң салууда", - дейт айылдык кеңештин депутаттары.

Бул макала боюнча кенен маалыматты "Жаңы Агым" гезитинин 19-апрелде жарык көргөн чыгарылышынан окуйсуздар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222786

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.