Эралиев: Бойго бүтүүнү эсептөө менен пландаса болот

  17.04.13   12:23
 585

"Табияттан жалаң кыз же жалаң эркек төрөй турган аялдар болбойт, андай болуп калышына жубайлардын жаш айырмасы себепчи", - деп билдирди жеке изилдөөчү Батырбек Эралиев. Ал өзүнүн жыйырма жылдан ашык эмгегинин натыйжасында дүйнө жүзү аныктай элек тема боюнча изилдөө жүргүзүп келип, былтыр Кыргыз патенттен "Уул-кыздын төрөлүшүн кантип аныктоого болот?" деген күбөлүк алган.

"21 жыл аралыгында ар кандай ыкма менен изилдөө жүргүздүм. Тактап айтканда, туугандардын, тааныштардын, аяштардын үй-бүлөлөрүнө байкоо сала баштадым. Колдонулган ыкмалардын арасынан жубайлардын туулган жылдарын алып саноо ыкмасы жакшы натыйжа берди. Бул ыкмага мен өзүм 100 пайыз кепилдик бере алгандан кийин гана элге чыга баштадым", - дейт Батырбек Эралиев.

Изилдөөчүнүн оюу боюнча, уул же кыздын төрөлүшүнө эркек менен аялдын жаш айырмасы чоң роль ойнойт экен. "Былтыр менин айтканым боюнча он төрт үй-бүлө балалуу болду", - деп кошумчалады ал.

Бул боюнча кызыктуу материалды "Жаңы Агым" гезитинин 19-апрелде жарык көргөн санынан окуйсуздар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222787

 Комментарийлер:
#1 зарина
2016-09-14 22:10:24 Цитата / 0 / -

07.11.1985 меники 13.09.1979 жолдошумдуку 5кызым бар. Кичуусу 1жаш2ай болду. Рахмат!

#2 кутан
2017-02-16 17:52:31 Цитата / 0 / -

Биз уулдуу болгубуз келет жолдошумдуку 1979.23.04.меники 1980.06.03.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.