Мамдума кыргыз-россия ГЭСинин курулушу жөнүндө келишимди ратификациялады

  17.04.13   12:42
 337

Россиянын мамлекеттик думасы 16-апрелде Кыргызстан менен Камбар-Ата 1-ГЭСи жана Жогорку-Нарын каскады гидроэлектрстанциясынын эксплутациясы жана курулушу жөнүндө өкмөттөр аралык келишимди ратификациялады. Бул тууралуу "Бизнес-Тасс" маалымдайт.

Депутаттарга документти сунуштап жатып, Энергетика министринин орун басары- статс-катчы Юрий Сентюрин Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында көбүрөөк гидроэнергетикалык ресурстар менен камсыздалган өлкө экенине көңүл бурду. "Анын потенциялы 142 млрд кВт сааттан ашык",- деп белгилейт ал. "Анан калса иш жүзүндө 57 миллиарды Нарын дайрасынын бассейинде жайгашкан. Бул ресурстардын 9 пайыздан ашыгы гана өздөштүрүлгөн".

Чиновник Россия тараптан ГЭСти "Интер РАО ЕЭС" (Камбар-Ата 1-ГЭСин куруу жана ишке киргизүү долбоору) менен "РусГидро" ( Жогорку Нарын каскады ГЭСинин курулуш долбоору) кура турганын тактады.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш ГЭСтин курулушу жөнүндө келишимди 21-февралда ратификациялаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222789

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.