Россиянын Мамдумасы Кыргызстандын 599 млн мамлекеттик карызын кечүүнү ратификаци

  17.04.13   12:46
 290

Россия федерациясынын Мамлекеттик думасы кечээ, 16-апрелде, Кыргызстандын өкмөтү менен кол коюлган Россиянын алдында буга чейин берилген насыяларды жөнгө салуу боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Россиянын алдындагы карызын жөнгө салуу тууралуу келишим 2012-жылы сентябрь айында Бишкекте эки өлкөнүн президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин тарабынан кол коюлган.

"Келишим Кыргызстандын Россиянын алдындагы карыздарын эки категорияда кечүү шарттарын карайт. Ратификацияланган келишимге ылайык Кыргызстандын 188,9 млн карызы толук бойдон кечилет, ал эми калган карыздын үстөктөрү төлөнбөйт жана эсептелбейт. КРнын 2005-жылы алган 300 млн доллар суммасындагы насыясы 2016-жылдын 16-мартынан тартып 10 жыл аралыгында тең үлүштөр менен жоюлат. Ошентип баш-аягы 599 млн доллар көлөмүндөгү карыз кечилет",- деп жазат россиялык ЖМКлар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222790

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.