Канадалык тоо кенчилер Кыргызстанды негизсиз кысым жасаганы үчүн күнөөлөдү

  17.04.13   13:07
 279

Канаданын Stans Energy Corp тоо кен компаниясы Кутесай сейрек кездешчү кенине уруксат кагазын сатып алууда жана андан кийинки КРнын Мамлекеттик геология агенттиги менен түзгөн жаңы келишимге кол коюуда мыйзамдарды толук сактаганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде, Бишкекте болгон басма сөз жыйынында компаниянын башкы операциялык директору Борис Арьев маалымдады.

Ал Stans Energy компаниясы уруксат кагазын бекер албаганын, аны конкурстук негизде уруксат кагаздарын сатыш үчүн атайын түзүлгөн аукциондо сатып алганын белгиледи.

Депутаттардын, анын ичинде мурдагы өкмөт башчысы жана ИИМдин министри Феликс Куловдун компаниянын ишиндеги тартип бузуулар тууралуу аткандарын, Арьев негизсиз деп эсептейт.

Канадалык компанияны башчысы ага али иштей элек ишкананы дайыма текшере берген мамлекеттин позициясы түшүнүксүз болуп жатканын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222791

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.