Сириядагы согушка алып кетти делген кыргыздардын эң кичүүсү 18де

  17.04.13   13:12
 342
 

Сириядагы согушка алып кетишти делген жети кыргызстандык жарандын эң кичүүсү 18де, улуусу 36да. Баары Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан март айынын экинчи жарымында Түркияга учуп кеткен. Алардын өлкөдөн чыгышын ким уюштурганы жана каржылаганы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо, дин уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Маметбек Мырзабаев билдирди. Окуянын чоо-жайын тиешелүү мекеме өкүлдөрү териштирип жатат. Аравандан жөнөтүлгөн балдар боюнча да маалымат такталууда.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Жумабеков Оштун Араван районундагы мечиттерден өспүрүмдөрдү азгырып, Түркия аркылуу Сирияга алып кетип жатышканын айткан болчу. Депутаттын билдиришинче, кеткендердин саны 15тин тегерегинде. Арасында бүлөлүүлөрү да бар. Депутат Өмүрбек Бакиров балдарды артка алып келебиз деген эки ата-эне менен кечээ Стамбулга учуп кетти.

"Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222792

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.