Батукаев боюнча түзүлгөн убактылуу комиссия өзүнүн жыйынын 16.00дө улантат

  17.04.13   13:35
 295

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин маселеси боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын башчысы атамекенчи Болот Шер бүгүн, 17-апрелде, басма сөзгө жабык жыйын жөнүндө айтуудан баш тартты.

"Биз комиссиянын иши боюнча баардык суроолор тууралуу басма сөз менен байланышууну депутат Канатбек Исаевге тапшырганбыз жана андан комментарий күткүлө",- деп айтты журналисттерге Шер.

Белгилей кетсек, мунун алында Исаев жыйын бүтө электигин айтып журналисттердин алдынан кетип калган.

Бирок ушундан кийин Болот Шер комиссия бүгүн саат 16.00дө жабык жыйын куруп ишин уланта турганын айтты. "Биз Нарын мамлекеттик сотунун судьясын чакырттык",- дейт Шер.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирди. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222795

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.