Өспүрүмдөр Ооган ардагерин өлтүрүшкөн

  17.04.13   13:59
 424

Өткөн 2012-жылдын 14-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарындагы Кара-Жыгач айылында жашаган Ооган согушунун ардагери Абдыкалык Урмашевге айылдаштары Каныбек уулу Камчыбек менен анын аталаш агасынын баласы Улукбек Асанов экөө бычак сайып, сабап өлтүрүп кетишкен.

Ошол каргашалуу күнү Абдыкалык Урмашевдин үйүндө досу Акылбек Караев, жашы он алтыга чыгалек Каныбек уулу Камчыбек, 22 жаштагы Улукбек Асанов төртөө арак ичип отурушкан экен. Үй ээсинин дасторкон үстүндө турган 6000 сомун өспүрүм бала Камчыбек көз көрүнөө алып коет. Аны байкаган Абдыкалык менен Камчыбектин ортосунда жаң-жал чыккан экен. Абдыкалыктын каруусуна Улукбек бычак сайган. Жерге кулап түшкөндө аны ага ининин эки баласы Камчыбек менен Улукбек аеосуз ур-тепкиге алышкан. Качан гана Абдыкалык кыймылсыз жатып калганда жанатан бери аларга арачага түшүп аткан Акылбекти экөөлөп сабап, "муну да союп, өлтүрүп салыш керек!" деп бычак менен туш келди сайгылай башташат. Аларга каршылык көрсөтүп, бети-колу бычакка шылынган Акылбек Караевди экөө өлөөрчө сабашат. Акылбек эс учун жоготуп жатып калганда аны өлтүрдүк деген экөө 6000 сомду алып качып кетишкен.

Бирок, Акылбек Караев тилекке жараша аман калган. Кан кое бермек беле, Абдыкалык Урмашевди өлтүрүп, Акылбек Караевдин денесине оор залака келтирген эки ага-ини тез эле кармалып, темир торго отурду. Учурда Каныбек уулу Камчыбек менен Улукбек Асановдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, алардын ишин тергөө кызматкерлери иликтеп бүтүп, сот өкүмүн күтүп аткан кез. Айтмакчы, жашы жете элек Каныбек уулу Камчыбек буга чейин эки жолу түрмөгө отуруп келиптир.

Каныбек уулу Камчыбек менен Улукбек Асановдун айылдаштарына көргөзгөн кордугу тууралуу "Жаңы Агым" гезитинин 19-апрелде чыга турган санынан окуйсуздар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222796

 Комментарийлер:
#1  
2013-05-03 20:09:37 Цитата / 0 / -

astahfirullah emi bul emnedegen shumduk kudayim ozun saktai kor

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.