ЖАМКнын башчысы өзүнүн орун басарынын Батукаевди бошотууга катышканын түшүндүрдү

  17.04.13   14:05
 276

Бүгүн, 17-апрелде, Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы Зарылбек Рысалиев анын орун басары Каныбек Көчкөналиев криминалдык авторитет Азиз Батукаевди бошоткон күнү аны коштоп жүрбөстөн, тапшырманы аткарып жүргөнүн айтты.

"Коштоп жүрдү" деген сөз бул жерде туура эмес. Ал менин тапшырмам менен баардык жагдайды карап туруш үчүн Нарынга жиберилген, жанына Нарын сотунун чакыруусу менен ал жакка барууга тийиш болгон юристи жана медикти алып кеткен. Эгерде Көчкөналиев зонага кирген болсо, бул Батукаевди алып чыкты, унаага олтургузду, андан кийин аны аэропортко чейин коштоп барды деген маанини түшүндүрбөйт",- дейт Рысалиев.

Анын айтымында, төраганын орун басарына жагдайды жеринен байкоо, атайын контингент криминалдык авторитеттин бошотулушуна кандай реакция жасайт- бул боюнча көзөмөлдөө иштери тапшырылган.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирди. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222797

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.