Исаев Данияр Атахановдун мыйзамдагы ууруну учурууга катышы бар экенин тастыктады

  17.04.13   14:09
 268

Криминалдык авторитет Азиз Батукаевди бошотуу боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Канат Исаев бүгүн, 17-апрелде, Кыргызстандан мыйзамдагы уурунун Коргоо, коопсуздук жана мамлекеттик чегара маселеси боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановдун уулу Даниярга таандык "Анилия" компаниясы менен учканы тууралуу маалымат тастыкталганын билдирди.

"Шамил Атаханов анын уулунун компаниясы "Батукаевдин учуп кетишине катышы жок",- деп айткан кезде менчик компаниянын катын апелляциялап жатат. Биздин колдо мамлекеттик органдардын маалыматы бар",- дейт Исаев.

Ал ошондой эле убактылуу комиссиянын 16.00дө боло турган жыйынында, Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алган Нарын сотунун судьясынан тышкары, прокуратуранын өкүлдөрү, СИЗОнун жана ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевдин чакыртылганын белгиледи.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирди. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222798

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.