Stans Energy Кыргызстанды "Centerra Gold"дун акциясынан ажыртышы мүмкүн

  17.04.13   14:54
 309

Канаданын Stans Energy Corp тоо кен компаниясы аларды дайыма текшере берип иштетпей жаткан Кыргызстандын чиновниктеринин иш-аракетин эл аралык сотко берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде, Бишкекте болгон басма сөз жыйынында "Партнер" фирмасынын өкүлү, юрист Темирбек Кененбаев билдирди.

Анын айтымында, КРнын Мамлекеттик геология агенттигинин Stans Energy компаниясын "уруксат кагазды таза эмес жолу менен алган" деп сотко бергенине байланыштуу учурда компания юридикалык жактан иштебей токтоп турат.

Ошол эле маалда буга чейин болгон сот парламенттин уруксат кагазды жокко чыгаруу жөнүндө чечимин колдогон эмес.

"Иштин токтошунан улам келтирилген чыгым жүз миллион долларга бааланууда, анткени акыркы жылдары акциялары котировкаланган компаниянын капиталы 300 млн доллардан 38 млн долларга чейин төмөндөп кеткен",- деп тактады Кененбаев.

Ал Кыргызстан "Centerra Gold Inc" компаниясынын акцияларынан ажырап калышы мүмкүн экендигин белгилейт, анткени кайсы гана эл аралык сот болбосун компаниянын чыгашасын республиканын тышкаркы активдерин алуу менен толтуруп берүүгө чечим чыгарат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222803

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.