Жириновский Кыргызстандын Ысык-Көлүн карызы үчүн алып коюууну сунуштады

  17.04.13   15:44
 349

Мындай билдирүүсүн ЛДПРдин башчысы карызды жөнгө салуу жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча маселе талкууга алынган Мамдуманын жыйынында айтты

ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновский Кыргызстандын бийлигине Ысык-Көл көлүн көп миллион карызды кечүүнүн эсебинен берүүнү сунуштады. Tengrinews.kz, маалымдагандай, мындай билдирүүсүн ЛДПРдин башчысы насыяларды жөнгө салуу жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча маселе талкууга алынган Мамдуманын жыйынында айтты. Жириновский документти сынга алды.

"Бул Бишкек буга чейин бир кичинекей кыштакча болчу, ал эми азыр совет мезгилинде курулган ири калаа. Эми алар Россия карызын кантип кечпейт деп таңкалып жатышат. Биз карызды гана кечкен жерибиз жок, биз дегеле аларга баарын жасаганбыз жана жасап келе жатабыз",- дейт Жириновский.

Депутат кайсы бир президенттикке талапкер ага келип президент болууга жардам сураганын айтат " Ал мага бир областы берем дейт. Демек алар бергенге даяр. Чындыгында Кыргызстанда алтын сыяктуу пайдалуу кен байлыктар гана эмес, мисалы уран жана башка кендер дагы бар. Гидроресурстарды пайдалануу мүмкүндүгү да чоң. Эгер мунун баарынан бергилери келбесе, анда Ысык-Көлдү беришсин. Башкача айтканда карыздын эсебинен ала турганга бир нерсе табууга болот. Бирок муну биздин министрлер жасай албайт",- деп кайрылды Жириновский депутаттарга.

ЛДПРдин башчысы Кыргызстандын карызын кечүүгө каршы чыкты.

Буга чейин Россия федерациясынын Мамлекеттик думасы кечээ, 16-апрелде, Кыргызстандын өкмөтү менен кол коюлган Россиянын алдында буга чейин берилген насыяларды жөнгө салуу боюнча келишимди ратификациялаганы тууралуу маалымдалган болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222805

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.