Кыргыз студенттери Анталияда Кыргызстандын маданиятын таанытышты

  17.04.13   16:06
 391

Түркиядагы Улуттар аралык Анталия университетинде "Global village" аттуу салтанаттуу иш чара уюштурулду. Негизги максаты, ар улуттун студенттери өздөрүнө таандык маданиятын таанытуу болуп саналат. Достукту, ынтымактыкты даңазалаган иш чара аталган окуу жайдын жалпы жамаатынын колдоосу менен өткөрүлдү. Саамалыкка Түркияда окуп билим алып жатышкан чет өлкөлүк студенттер чакырылган.

Эске салсак, Улуттар аралык Анталия университети 2012-жылы ачылган. Анда 50 өлкөдөн келген 350 студент билим алышууда. Учурда аталган жайда 11 кыргыз студент окуйт. Иш чаранын жүрүшүндө алар Кыргызстандын маданиятын таанытып, улуттук тамак аштардын түрүн элдин сынына коюшту. Ошондой эле чакан концерт тартуулашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222807

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.