Данияр Тербишалиев парламентте аялдардын толук тең укуктуулугун жактайт

  17.04.13   16:12
 365

Кыргызстанда республикалык жана муниципалдык деңгээлде депутаттык корпустун жарымын аялдар түзүшү керек. Бул тууралуу бүгүн 17-апрелде өткөн тегерек столдо СДПК фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын парламентиндеги эркектердин саны 70 пайыздан кем эмес, бул аялдарды дискриминациялоону ачык көрсөтүп турат.

"Конституцияга ылайык эркектер да. аялдар да бирдей укукка ээ, тилекке каршы бул алардын укуктарынын тең экендигинин көрсөткүчү эмес болууда. Тең укуктуулук принцибине таянсак, 50 пайыз жөнүндо айтканыбыз туура болоор эле",-деп белгиледи эл депутаты.

Ал депутаттык корпустун жарымы аялзатынан турушу керек деген мыйзам долбоорун демилгелөөгө ниеттенип жатканын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222809

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.