Кызылча өстүргөн-фермерлер кооперативдерге биригүүгө ниеттенип жатышат

  17.04.13   16:27
 357

"Жогорку өндүрүштүү техниканын жоктугу республикадагы кызылча өстүрүүнүн өнүгүшүн токтотууда",- деп билдирди "ВБ"га Республикалык кызылча өндүрүшү боюнча коомдук уюмдун жетекчиси Абден Назаров.

"Дыйкандардын туруктуу өнөктөшү болуп калган "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому өткөн жылы үч комбайн жана жети себүүчү машина сатып алды, бирок бул жетишсиз. Ошондуктан биз өкмөттөн жана чет элдик шериктерден жардам сурашыбыз керек", - дейт ал.

Назаровдун пикиринде дыйкандарды бул өсүмдүктү өстүрүү боюнча заманбап ыкмаларга үйрөтүү зарыл.

"Бүгүнкү күндө кызылча эгүү биздин экономиканын айыл чарба секторундагы эң эле көйгөйлүү тармактардын бири. Совет мезгилинде Кыргызстанда 200 миң тоннадан ашык шекер өндүрүлчү, бул республиканын ички керектөөсүн гана камсыздап тим болбой, таттуу азыкты коңшу мамлекеттерге импорттоого да жетчү",- дейт ал.

Белгилей кетсек, өткөн жылы кант-шекер менен камсыз болуу болгону 10 пайызды түзгөн, ал эми жетишпеген бөлүк чет өлкөдөн ташылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222811

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.