Ирандын түштүк-чыгышындагы аймагында катуу жер титирөө болду

  17.04.13   16:40
 336
 

Ирандын Пакистан менен чектешкен түштүк-чыгышындагы аймагында катуу жер титирөө болуп өттү. Американын геологиялык иликтөө агенттиги тараткан маалыматка караганда, 7,8 баллдык жер силкинүүнүн очогу алыскы Систан Балучистан провинциясында катталган.

Пакистанда кеминде отуз без киши мерт болгону кабарланууда. Ирандын мамлекеттик телеканалы, алгач бери дегенде кырк киши каза тапканын билдирген, бирок, кийинчирээк расмийлер кишилей чыгым болбогонун айтышты.

Би-Би-Синин Тегерандагы кабарчысынын айтымында, бул Ирандагы соңку кырк жыл ичиндеги эң ири зилзала катары каралып жатат.

Жер титирөө Индия жана Перс булуңундагы өлкөлөргө дагы сезилген. Пакистандын бийликтери беш адамдын өлгөнүн билдирүүдө, үч аял, эки бала Белужистан провинциясында урандылардын алдына калган.

Биринчи силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча 15.44 тө (10:44 GMT) болгон. АКШнын геологиялык кызматынын маалыматына караганда жер титирөөнүн очогу Хашадан 86 чакырым аралыкта Пакистандын чек арасына жакын аймакта, тоо-чөл аралашкан жерде болгон. Зилзаланын очогу 15,2 км тереңдикти түзгөн.

Кызыл жарым ай уюмунун Ирандагы уюму кырсык болгон жерге жыйырма куткаруучу команданы жиберди. Көп райондор ортосунда байланыш үзүлгөн.

Жердин силкинүүсү бүтүндөй Перс булуңу жана Жакынкы Чыгыш аймагында сезилген. Индиянын борбор шаары Делиде бийик үйлөр солкулдаганы билинген. Пакистандын Карачи шаарында дагы имараттар титиреп, адамдар тополоңго түшүп качып чыгышкан.

Би-Би-Си кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222812

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.