Атаханов: Депкомиссия менин уулумдун Батукаевдин учуп кетүүсүнө катышы жок деди

Вице-премьердин айтымында, анын уулунун компаниясынын криминалдык авторитеттин Грозныйга учуп кетишине тиешеси жок
  17.04.13   16:44
 334

Бүгүн, 17-апрелде, депутаттык комиссия мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу жана Грозныйга учуп кетиши тууралуу жабык жыйын өткөрөт. Жыйынга Коргоо, коопсуздук жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атаханов чакырылган.

Жыйын басма сөз үчүн жабык болгондуктан парламентте аккредитацияланган журналисттер жыйындар залынан Атахановдун чыгышын күтүштү.

Вице-премьер кабарчыларга комиссия баарына чекит койгонун айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин ММКда Атахановдун уулунун "Анилия" деген компаниясы криминалдык авторитет Батукаевдин учуп кетишине катышы болгон деп кабарланып жаткан.

"Келгиле фактыларды бурмалабай так айталы. Менин улуумдун компаниясы Батукаев учуп кеткен учакты тейлеген деп айтышты. Чынында анын компаниясынын учуп кетүүгө тиешеси болгон эмес. Бул учакты менин уулумдун эч кандай катышы жок APR компаниясы тейлеген. Жоомарт Сапарбаевдин билдирүүсүндө жаңылыштык кеткен",- дейт Атаханов.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирди. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222813

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.