МСК шектүү салык төлөөчүлөрдүн маалымат базасын түзөт

  17.04.13   16:54
 352

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) күмөн жараткан салык төлөөчүлөрдүн тезмесин түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде, МСКнын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин кеңейтилген жыйынында салык төлөөчүлөрдү текшерүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, мындай салык төгүүчүлөрдүн тизмесине кылмыш иши козголгондор, ошондой эле ири карызы барлар жана МСКнын маалыматы боюнча фирманы банкротко алып келгендер кирет. "Шектүү салык төлөөчүлөрдүн тизмеси жалпы жарыяланбайт. Ал жабык болот, катардагы жаран маалыматты көрө албайт. Тизме салык инспекторлорунун ишин жеңилдетиш үчүн зарыл",- деп белгиледи Султанкулов.

Ал эми эгерде шектүү делген салык төлөөчүлөрдүн тизмесиндеги адам жаңы фирманы каттоодон өткөрө турган болсо, автоматтык түрдө МСКнын көзөмөлүнө түшөт, анткени ал тараптан көмүскө схемаларды колдонуу тобокелдиги сакталып кала бермекчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222815

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.