Премьер-министр Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушту

  18.04.13   07:48
 276

Кечээ, 17-апрелде, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда Ак-Талаа районунун активдери жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Премьер 2012-жыл үчүн чыгарылган социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, өлкөнүн айыл чарбасын колдоо боюнча жүргүзүлгөн саясат тууралуу кеп салды.

Премьер жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берди. Ал Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаевдин кызматтан кетишинин себептерин түшүндүрдү. "Кадр маселесине абдан дыкаттык жана акыйкаттык менен мамиле жасашыбыз керек. Акимдин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн болчу. Иштеген ишинин жакшы жыйынтыктары менен катар бир канча кемчиликтери дагы табылды. Мындан кийин гана мен акимди кызматтан алуу чечимин кабыл алдым. Мамлекеттик кызматта аткаминерлер тажрыйба алыш үчүн же карьера деп иштебеш керек", - деди премьер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222816

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.