Кылычбек Султанов: Менин кызматтан кетишим тууралуу маселе азырынча чечиле элек

  18.04.13   07:50
 273

"Менин кызматтан кетишим тууралуу маселе азырынча чечиле элек", деп кечээ, 17-апрелде, "ВБ"га өз каалоосу менен кызмат ордунан кетүүгө арыз жазган социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов билдирди.

"Азырынча мен өзүмдүн кызмат ордумда каламбы же жокпу белгисиз. Бирок, кандай болгон күндө да, эгерде менин арызыма премьер-министр кол койсо, мен социалдык чөйрөдө иштөөнү улантам. Арызымды жакынкы аралыкта карап чыгат деп үмүттөнүүдөмүн. Эгерде мени өз ордумда калтыруу чечимин кабыл алышса, социалдык блокто көйгөйлөрдү чечүүнү уланта берем", деди ал.

Аткаминер эмне үчүн кызматтан кетүүнү азыркы тапта кабыл алгандыгын айткан жок. Бирок, арызды жаз деп эч ким зордобогонун баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222817

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.