18-майдан тартып Киев - Бишкек аба каттамдары иштеп баштайт

  18.04.13   07:55
 335

18-майдан тартып "Украинанын Эл аралык авиалиниялары" авиакомпаниясы, Киев-Бишкек-Киев түз аба каттамдарын ишке ашырат. Бул тууралуу соода-өндүрүш палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жайкы мезгилде жумасына 4 жолу каттам жасоо пландалууда.

Түз каттамдарды ишке ашыруу маселеси, КР соода өндүрүш палатасында кыргыз-украина жумушчу кеңешинин Улуттук бөлүгүнүн отурумунда көтөрүлүп чыккан болчу.

Жумушчу кеңештин мүчөлөрү белгилешкендей, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү толук кандуу ишке ашпай келет. Түз аба каттамдарынын ачылышы менен эки тараптын ишкерлеринин байланышы кеңеймекчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222818

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.