Мэрия балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук акциясын баштады

  18.04.13   07:56
 329

1- апрелден тартып Бишкекте Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган "Добро" кайрымдуулук акциясы башталган. Акция 31-майга чейин уланат.

Бишкек шаардык мэриясынын социалдык тамак аш Департаментинен билдиришкендей, кайрымдуулук акциясынын максаты, балдардын кийим-кечектерин, китеп, диск, бут кийим жана оюнчуктарды чогултуп, аларды шаардагы социалдык мекемелерге тапшыруу болуп саналат.

Ошондой эле Департамент жашыруун ишеним телефону иштеп жатканын билдирет: (0312) 67-11-50, 87-12-34. Бул номурлар аркылуу ата-энелер, мектепке чейинки жана мектеп мекемелериндеги тамак-аш боюнча өздөрүнүн эскертүүлөрүн, арыздарын, сунуштарын жана каалоо-тилектерин билдиришсе болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222819

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.