Жапаровдун бир тууганына банкты рейдерчилик менен басып алган деген айып тагылды

  18.04.13   07:58
 263

"Ата-Журт" фракциясынын соттолгон депутаты Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапаровага "Ысык-Көл Инвестициялык банкы" ААКны рейдерлик жол менен басып алган деген айып тагылууда. Ага карата КР кылмыш кодексинин "Коррупция", "Алдамчылык", "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "ВБ"га Жапарованын жактоочусу Канат Жайлоев билдирди.

Жактоочу Свердлов райондук соту Жапарованы отурумда соттоп, анан дароо эле №1 тергөө абагына жиберилишин негизсиз дейт. Анын айтымында, айып тагылып жаткан жаран узак убакыттан бери чет өлкөгө чыкпоо боюнча көзөмөлдө турган. Ошондой эле Жапарова жаш баласы менен көрүшкөнгө укугу бар деп эсептейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222820

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.