Ооганстан элчилигинин унаасына ок атылды

  18.04.13   08:02
 291

16-апрелде, кечки саат 21.00дө, Бишкек ШИИБнын ыкчам кабылдоо борборуна Ооганстан элчилигинде ок атуу болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу борбордук ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Октябр РИИБнын тергөө тобу тез арада окуя болгон жерге барышкан. Тартип сакчылары тарабынан "БМВ-525" үлгүсүндөгү боз түстөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Ал Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургунуна таандык болгондугу аныкталды. Унаанын арткы отургучунан гильзаны таап чыгышты.

Экинчи унааны текшерүү маалында ( "Лексус RX-300" унаасы Ооганстандын Кыргызстандагы элчилигине таандык), сол эшигинде октун айынан жаракат калганы белгилүү болду. Иликтөөнүн жүрүшүндө, 28 жаштагы жаран өз эрки менен ок атуучу куралды тапшырып, "Лексус" унаасынын айдоочусу жол кырсыгы болгон жерден качууга аракет кылгандыгы үчүн, унаага ок чыгаргандыгын жашырбады. Эске салсак, ок атуучу куралдын баардык документтери 28 жаштагы жаранда бар болуп чыкты.

Ооганстандык айдоочу чындыгында жол кырсыгына кабылганын айтып, бирок унаанын ичинде Ооганстандын элчисинин кызы бар болгондуктан, анын коопсуздугу үчүн унаасын токтотпой айдап кеткенин жашырган жок. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222822

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.