Жумуш орундары бар, иштей тургандар жок

  18.04.13   08:41
 491

"Бишкектеги акысы аз төлөнүүчү кара жумушту көбүн эсе ички мигранттар аткарышат", -деп шаардагы иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Усупбеков билдирди. Алар жумушсуздук боюнча расмий каттоого турушпайт жана соцпособие алышпайт.

Жумуш издегендер эмгек биржасында чогулушат. Жыл башынан бери кыска мөөнөтүк ишке 647 аял-эркектерди жөнөтүүгө мүмкүн болду.

Жакында эле, иш менен камсыздоо кызматы жана "Арча-Бешик" жаңы конушунун муниципалдык территориалдык башкаруусу менен биргеликте, вакансиялар жарманкесин уюштурушкан.

Жумуш ордун берүүчүлөр катары троллейбустук башкармалык, протез-ортопедиялык ишканана жана бир катар акционердик коомдор чыгышты. Вакансиялардын тизмегинде 3 655 орун бар эле. "Эмгекчил адамдарга суроо-талап жогору, бирок иштөөнү каалагандар өтө аз. "Арча-Бешиктеги" жарманке учурунда болгону 32 киши жумуш табышты", - деди Усупбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222823

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.