Күрөш боюнча Азия федерациясынын вице-президенти болуп кыргызстандык шайланды

  18.04.13   08:58
 322

Асылбек уулу Дамирбек кыргызстандыктардан алгачкы жолу Күрөш боюнча Азия федерациясынын вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстандагы спорттук күрөш боюнча федерациясынын генералдык катчысы Адинай Кемелова билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыкты Нью-Дели шаарында өткөн Азия федерациясынын отчеттук-шайлоо конгрессинде тандашты.

"Биз Дамирбектин талапкерлигин ушул жылдын башында эле каттап койгонбуз, шайлоо учурунда аны колдошту. Тарыхта алгачкы жолу кыргызстандык Азия федерациясынын мүчөсү болуп жатат. Эми Күрөш боюнча Азия федерациясынын ар кандай маселелерин чечүүдө биздин да добуш берүү мүмкүнчүлүгүбүз болот", - деп Кемелова маалымдады.

Конгресске Азия континентинин 37 өкүлү катышкан. Күрөш боюнча Азия Федерациясынын президенти Чанг-Кью Ким кайрадан президент болуп дайындалды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222824

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.