Биринчи кварталда Батыш бажысы планды 14% ашыра аткарды

  18.04.13   10:00
 314

Батыш бажысы анын алдына коюлган фискалдык тапшырмаларын орду менен откарып жатат, деп анын жетекчиси полковник Алмаз Мамбетов журналисттер менен болгон жолугушуусунда кабарлады.

Анын айтымында, 2012-жылы 121 млн сом чогултуу тапшырмасы коюлган, иш жүзүндө 124,3 млн сом чогулган. 2013-жылдын биринчи кварталында план боюнча 27,8 млн сом болушу керек эле, факт боюнча 31, 7 млн сом тапшырылды. Натыйжасында, план 14% ашыра аткарылган.

"Коңшу Казакстандан биздин республикага негизинен ун, суу май жана дизель майы алынып келинет. Ал эми экспортко көпчүлүк учурда айыл чарба продукциясы чыгарылат: буурчак, картошка, алма, кара өрүк, калемпир. Бирок, экспорт жыл мезгилине жараша азайып, көбөйүп тургандыгы айкын байкалат", - деп Мамбетов айтып берди.

"Чоң-Капка" бажы пункту аркылуу күнүнө 5 миң адам, 1.2 миңге чейин жеңил унаалар жана 35тен кем эмес фуралар өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222825

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.