Назира Бердигулова: Мен Алыкулдун сүйгөнү Айдаймын

"Айдайдын образын жаратуу абдан оор болду. Ошол жылдардагы кыздар да аябай ыйман бар экен", - дейт актриса.
  18.04.13   10:24
 1097

"Мезгил жана Алыкул", "Мен сүйгөн Карагат", "Президент жана бомж" тасмаларында образ жараткан, улуу актрисалардын көчүн улай жарк этип жанып келе жаткан жаш актриса Назира Бердигулова менен маек курдук.

-Назира сени ай-чырайлуу, сулуу актриса катары жакшы билебиз. Сырткы сулуулугуң менен ички дүйнөң дал келип турса улуулук жаралат эмеспи. Жан-дүйнөңдү кантип байытасың, рухий азыкты кайдан аласың?

-Мен негизи жаратылышты, табигатты жакшы көрөм.

Көп убактымды сейил бакта сейилдеп өткөргөндү жактырам. Ушул азыр тынымсыз жаап турган ак жамгыр, жамгыр обону жүрөгүмө жакын. Суу болгуча жамгырга жуунуп тура бергим келет. Мына азыркы учурдагыдай алма бактар гүлдөп турганда, сирендер ачылып турганда узака бактарды аралап жөө баскым келет. Толуп турган айды жактырам. Жылдыздарды жактырам.

Мен окуган чыгармалар жөнүндө айтсам. Эң акыркы окуган чыгармам Чыңгыз абабыздын " Тоолор кулаганда" романы болду. Мында айбанга адам тагдыры салыштырылган. Айбан аркылуу улам бийиктике умтулган адамдын образын берген. Ошондой эле учурдагы жогорку кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Жоогазын" аттуу чыгармасына абдан таасирлендим. Кайра кайра окудум. Чыгармадагы азаптуу сүйүү баяны, кыздын сулуулугу, какыраган чекусиз чөл, эки жаш сүйүүнүн айынан каза болушуп, наристелери тирүү калып, алардын каны төгүлгөн жерге кыпкызыл эки жоогазын өсүп чыгат. Мага ушундай жүрөкө таасир берген кайгылуу чыгармалар жагат. Сериалдарды көрсөм дагы ушундай романтикалуу, кайгы- муңдууларын тандап көрөм.

-Сенин мүнөзүңдү сен жараткан кайсы каарманга окшоштурсак болот?

- Көп ыйлаган күндөр болот. Күлгөн күндөр болот. Негизи жашоомдо ыйлаган күндөр көбүрөөк окшойт.

Менин мүнөзүм негизинен "Мен сүйгөн Карагат" тасмасындагы Жамалдын мүнөзүнө окшошуп кетет. Тааныш адамдарым сен кээде абдан шайыр болуп кетесиң. Кээде абдан түнтсүң деп айтып калышат. Таластык кыздар өжөр бирок сабырсызыраак келебиз. Бир нерсе болсо эле сабырдуулук кылбай ызы-чуу чыгарып жибермейибиз бар.

-Сен Алыкулдун сүйгөнү Айдайдын образын жараттың. Тасмага тартылып жүргөндө кандай сезимде жүрдүң. Кандай окуялардын күбөсү болдуң?

-Кино жаатына аралашып, алгачкы жараткан образым Айдайдын образы. Алгач Алыкулдун туулган күнүнө карата кыска метраждуу тасма тартылып, Алыкулдун сүйгөнү Айдай мен болгом. Кийинчиреек Айдай Чотуева толук метраждуу тасма жаратып чакырып калды. Тасмага тартылууга күчтүү кастинг болду. Кудайдын буйругу экен. Көпчүлүк кыздардан көздөрү тунук, мойну узун экен деп мени тандап алышты. Өтпөй калган кыздар нааразы болуп, бир кыз "Биздин беш жыл окуганбыз эч нерсеге татыбайт. Дайыма сулууларды тандап кетишет" деп ыйлап абдан жаман болду. Ошол ирмемдер негедир жүрөгүмдє калды. Айдайдын образын жаратуу абдан оор болду. Ошол жылдардагы кыздар да аябай ыйман бар экен. Көздөрү менен тике карабай төмөн карашып, аларда мен сени сүйөм деген сөздү айтуу абдан оорго турган экен. А азыркыларчы уялбай чак түштө парктарда кучакташып, өбүшүп турушат. Азыр сүйүүнүн баркы жок.

Алыкул ооруп жатканда, аппак карды тебелеп, ак кийимчен Айдайдын чуркап кеткен жери бар. Ошол сюжетке тартылаар алдында 38-39градус болуп температурам көтөрүлүп, төшөктө ооруп жаткам. Тасманын ал бөлүгү Сокулукта тартылмак. Апам ушунчалык ооруп жатып, барбай эле кой деп каршы болду. Ага болбой укол алып, мен да жөнөп кеттим. Кыштын, январь айынын болуп турган суук убагы эле. Ага болбой жука ак көйнөк менен карга чуркап тартылдым. Кайра кайра дубль болуп, алым кетип өзүмдү жаман сезе баштадым. Бир дарыканага алып барып укол сайдырышты. Кыйналып машинада жатсам асмандан куш учуп өттү. Ушундай бийиктике умтулуп учуп баратат. Бирде ылдыйлап кайра жогору көтөрүлүп коёт. Адамдын турмушу да ошондой өйдө-ылдый болот экен. Бирок ошол куш мага аян сыяктанды. Ал кушту көргөндөн соң өзүмдү жеңил сезе тїштїм. Жолум ачылгансыды.

-Сени жактырган жигиттер көп болсо керек. Өзүң издеген адамыңды кезиктирдиңби?

-Мен өтө назик адаммын. Бат таарынам. Бирок бат жазылам. Назиранын жүрөгү комуз кылындай, аны чертип туруш керек деп бир чиновник менин мүнөзүмө туура баа бергени бар. Убакыт өткөн сайын адам психолог болуп калат экен. Келечекке жар тандоо мен үчүн кыйын нерсе. Азыр менин жигитим жок десем таңгалаарсыз. Курбуларым таңгалат. Сага эмнеге эч ким телефон чалбайт деп апам дагы таңгалат. Күн сайын болбосо да күн алыс гүлдөрдү алып турам. Бирок улам убакыт өткөн сайын, мекенге, жаратылышка, кесибиме сүйүүм көбүрөөк. Алдыдагы келечекти ойлоном. Олуттуу нерселерди ойлоном. Карылыгым элестетем.Белгилүү алып баруучу Турусбек Жумалиев "Сен тартылган тасмаларды көрүп, кыргыз кинолоруна Ак-мөөр келиптир деп кубандым" дейт. Мен Таттыбүбү апабыздын тагдырын эмес, талантын тиленем. Мен бул титулду алып жүрүш үчүн биринчиден ыймандуу болушум керек. Акыл-эстүү болушум керек. Ар бир кадамымды ойлонуп туруп жасашым керек. Анткени артымда калдайган эл турат. Урук-туугандар турат. Көрүнгөн жигит менен сүйлөшө берүү мен үчүн уят. Кыргыз элине үлгү боло турган үй-бүлө кургум келет. Эми баарын убакыт, мезгил көрсөтөөр.

-"Манас жаңырыгы" телеканалына өз күчүң менен боз үй тиктиргениңди укканым бар?

-Үч жылдан бери Манас жаңырыгы телеканалындагы "Алтынчы күнү кечинде" берүүсүн алып барып жүрөм. Алгач кыйналган күндөр өттү. Бирок анын баары өттү. Азыр өз ишимди беш колумдай билип такшалып калдым. Көп берүүлөрдүн авторумун. Продюсеримин. Курмангазы Азыкбаев алып барган "Кылым карыткан кыргыз күүлөрү", "Доктор плюс" берүүлөрүнүн авторумун. "Мен сүйгөн Карагат" тасмасына тартылып алган биринчи гонарарыма "Манас жаңырыгы" телеканалына боз үй алып, тиктирдим. Азыр кайсы телеканалдын ичине боз үй тигилген. Албетте жок. Учурунда кыйналып жасасам да, мен үчүн бул чоң иш болду. Кээде абдан чарчаганда түн болсо да боз үйдү ичинен бекитип жатып алам. Анын ичинде менин берүүм эле эмес, "Башканы коюп манасты айт" берүүсү тартылып, Манас айтылып жүргөндүктөн, ар кандай аян берген түштөрдү көрөм.

-Оозуңдан келмең түшпөй, орозо кармап, намазга жыгылган күндөрүң да болуптур. Денесин көрсөтүп, ачык кийинген кыздарга кандай карайсың?

-Кайсы бир улуу адам менен сүйлөшкөнүмдө, адам эч качан денесин ачык кєрсөтпөш керек деген кебин уккам. Мен эч качан көпчүлүк түшкөн мончолорго барбайм. Көп ачык кийинбегенге аракет жасайм. Айла жок кээде кечелер болуп калат. Кээде клиптерге ошондой кийиниш керек болуп калат. Бирок ачык кийинген, денеси менен өзүн көрсөткүсү келген кыздарды жактыра бербейм.

-Ыр жазууга да шыгың бар окшойт?

-Ыр жазып калам. Кээде илхам келет. Көп куплет жаралбаса да, саптар келет. Ал саптарды жазып коём. Мезгил өзү көрсөтөєр. Балким кийин жазып кетеермин.

Турмушумдун бак-таалайлуу жолунда

Бактылуу болгум келет өзүң менен.

Өзүм сүйөм сүй деп сени кордобойм

Өзүм күтөм күт деп сени зордобойм

Бул менин акыркы жазылган саптарым.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222826

 Комментарийлер:
#1 солто
2013-04-20 21:27:05 Цитата / 0 / -

тигини-тигини, Ак Моор имиш ))) мдааа...самопал заманда самопал Ак Моорлор жайнады го.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.