Зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарды кайрымдуулук концерти менен колдошот

  18.04.13   10:12
 303

"Балдар укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фонду, "Бирге балдарга жардам берели!" аталыштагы кайрымдуулук концертин өткөрүп, андан түшкөн каражатты, зордуктоодон жана мыкачылыктан жабыркаган балдардын психологиялык, социалдык жана медициналык жактан колдоо көрсөткөн Бишкектеги балдарга жардам берүү борборуна жөнөтүшөт.

Белгиленгендей, Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жана мыкаачылыктан жабыркаган балдарга колдоо көрсөткөн жалгыз борбор бар. Ал ЮНИСЕФтин колдоосу менен Бишкек мэриясы тарабынан уюшулган.

Концерт 19 апрелде, КУУнун 5- окуу корпусунун базында, саат 16:00 башталат. Концертке акча чогултууга катышкандардын бардыгы, башка ЖОЖдордун студенттери жана ЖМК чакырылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222827

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.