Талантбек Исаев: Бир жылда 8 513 айдоочуyнун күбөлүгү сатылган

МАИчилерге артылып жаткан дооматтарга Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевден жооп алдык.
  18.04.13   10:49
 404

Жол коопсуздугундагы паракорчулукка айдоочу күнөөлүбү же инспекторбу деген суроо акыркы убакта жумуртка биринчи пайда болду беле же тоокпу деген суроого үндөшүп барат. Эки тараптын тең өз жүйөлөрү бар. МАИчилерге артылган дооматтарга Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевден жооп алдык. Исаев бир беткей эле инспекторлорду күнөөлөй бербей, айдоочуларды жоопкерчиликке чакырыш керектигин айтып, айдоочунун күбөлүгүн сатууну токтотуу керектигин кыйытты.

- Акыркы айларда жол кырсыгынан каза болгондордун саны кескин өсүптүр. Буга эмне себеп?

- Ооба, акыркы 3 айда эле өлкө боюнча 1240 жол кырсыгы катталып, 197 адам каза тапты. Былтыр ушул аралыкта 860 кырсык катталып, 150 адам көз жумган. Эми мындай аянычтуу көрүнүштүн биртоп себептери бар. Эң негизги себеби катары авто унаалардын, өзгөчө оң рулдуу машинелердин көбөйүшүн айтсак болот. Былтыр өлкөгө 92 миң машина кириптир. Бул катталганы кана, каттоосуз дагы канчасы киргенин эч ким билбейт. Азыр Кыргызстанга кирген машиналардын 70 пайызга жакыны оң рулдуулар. Биз мыйзам аркылуу шаарлар арасына каттаган оң рулдуу 7 кишилик машиналарга тыюу салалы деп жатабыз. Анан биздин айдоочулар жол эрежелерин билишпейт же билсе дагы так сактабайт. Жадагалса коопсуздук курун биздин кызматкерлер үчүн эле тагынат. Ремендин кырсык болгондо жардамы чоң экенин моюндарына алгысы келбейт. Ал эми МАИ кызматкерлерин жолдон алып салыш керек деген акылга сыйбаган нерсе. Биздин айдоочулар ал деңгээлге жете элек. Анүчүн алардын аң-сезими өсүш керек. Бабанов МАИни жое коем деп жолдон каза болгондордун саны 3 эсеге өсүп кетпеди беле. Азыр керек болсо инспекторлор жетишпейт. Айрым райондордо экиден гана кызматкерибиз бар. Ал эми видео көзөмөл орнотуу үчүн бир жылга эле 23 млн. доллар кетет экен. Анан каяктагы акчага видео көзөмөлдү орнотобуз?

- Айдоочулардан алынып жаткан айып пулдар кайда кетет? Деги эле айып пулдар инспектордун эмес, мамлекеттин бюджетине түшүрүш үчүн сиздер тараптан аракеттер барбы?

- Айдоочулардан алынган айып пулдардын жарымы республикалык, жарымы жергиликтүү бюджетке кетчү. Азыр толугу менен республикалык бюджетке кетет. Штрафтардын көлөмү көбөйтүлгөнү менен бюджетке түшкөн акчанын көлөмү өтө деле байкаларлык болбой жатат. Мисалы, 2012-жылы 3 айда 32 млн. 531 миң сом түшсө, быйыл 40 млн. 168 миң сом түштү. Биринчиден, биздин кызматкерлердин айлыгы 8-9 миң гана сом. Бул суммага азыр үй-бүлө багуу мүмкүн эмес да. Анан дагы айып пулдан инспекторго эч кандай сыйлык берилбейт. Биз ошол айып пулдан түшкөн акчанын 25 пайызын инспекторго сыйлык катары берилсин деген мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Эгер бул мыйзам кабыл алынса кызматкерлердин да айлыгы көбөйүп, бюджетке да акча көп түшмөк. Анан кызматкерлерибизди иргөө максатында аттестациядан өткөрүп жатабыз. Нарындагы МАИчилердин 30 пайызы аттестациядан кулап калды. Бул алардын даярдыгы начардыгынан кабар берет. Азыр анүстүнө документи бар эле адам инспектор болуп кеткен. Арасында экономисти, журналисти деле жүрөт.

- Базардагыдай сатылып жаткан айдоочунун күбөлүктөрүн ким көзөмөлдөйт? Сиздердин тиешеңиздер барбы бул ишке?

- Былтыр 8513 киши айдоочунун күбөлүгүн сатып алыптыр. Өткөндө Билим берүү министрлиги менен биргеликте мекемелер аралык комиссия түзүп айдоочуларды даярдаган окуу жайларды текшерүүгө алдык. Кыргызстан боюнча 204 авто мектеп болсо, алардын үчөөндө гана машыгуучу аянтчасы (полигону) бар экен. Керек болсо айрым мектептер катталган дарек боюнча жок болуп чыкты. Бул айрымдар кеңсеге отуруп алып эле күбөлүк жазып берет дегендик. Ушундан улам ата-энелер балдары 16-17 жашка чыкканда туулган күнүнө айдоочулук күбөлүк белек кылууну мода кылып алышты. Негизи авто мектептерге лицензияны Билим берүү министрлиги берет. Ал эми айдоочунун күбөлүгүн Мамлекеттик каттоо кызматы берип калган. 4 жылдан бери биздин кызмат күбөлүктөргө кийлигишпейт. Жол кырсыгын азайтабыз десек эң ириде күбөлүктөрдү сатууну токтотушубуз керек. Ал үчүн материалдык-техникалык базасы бар гана окуу жайларга уруксат берип, окуган гана айдоочуларга күбөлүк берүү шарт.

- Негизги жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көлоөмүн айта кетсеңиз? Мурда канча төлөнчү, азыр канча болуп өзгөрдү?

- Эми штрафтар ар кандай. Ошентсе да көп бузулчу жол эрежелеринин айып пулдарын айтып берейин. Эгер айдоочу унаасынын алдыңкы эшиктерин караңгылатып алган болсо 100 сом штраф салынат же соттун чечими менен 6 айга күбөлүгү алынат. Мурда 300 гана сом төлөшчү. Эгер белгиленген ылдамдыктан 20 км/саатка чейин ашырып жиберсе 150-200, 20дан өйдө болсо 500 сом же 3-6 айга күбөлүгүнөн ажырайт. Эгер белгиленген ылдамдыктан 40 км/саатка ашырса 1000 сом же күбөлүгүнөн ажыратылат, мурда 800 сом болчу. Эгер айдоочу инспекторго баш ийбесе мурда деле, азыр деле 1000 сом төлөйт. Рулда баратканда телефон менен сүйлөшсө мурда эскертүү же 200 сом болсо, азыр эскертүүсү жок эле 200 сом төлөшөт. Мас абалында темир тулпар мингендер мурда күбөлүктөн 1-2 жылга ажыратылса, азыр 1,5 миң сом же 1 жылга күбөлүктөн ажырайт. Коопсуздук курун тагынбаса мурда 200 сом төлөшчү, азыр 300 сом.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222828

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.