Батыш бажысы башчысы Талас областындагы жалгыз иштеп жаткан бекет тууралуу айтты

  18.04.13   11:18
 359

Структуралык кайра түзүүлөрдүн натыйжасында Талас бажысы Батыш бажысы катары кайра түзүлгөн. 2010-жылдын апрель айына чейин бул жерде үч өткөрүү пункту - "Чон-Капка", "Кичи-Капка" жана "Күркүрөө" бажы бекеттери иш алып барчу. Эми баардык күч "Чон-Капка" бажы пунктуна келүүдө. Калган экөө 2010-жылы Казакстан менен бир тараптуу жабылган. Бул тууралуу журналисттерге Батыш бажысынын башчысы Алмаз Мамбетов маалымдады.

"Товарларды экспорттоодогу баардык процедуралар бажыдан өткөрүүдө жүктөө партиясынын баскычынан тарып жүргүзүлөт. Ошондуктан бир унаа бекетте 15-20 мүнөт кармалууда. Бул бажы текшерүүсүнөн эмес, бекеттин өткөрүү мүмкүндүгүнө байланыштуу болуп жатат",- деп түшүндүрдү Мамбетов.

Импорт менен келген унаалар анын айтымында чегарада болжолу 30 мүнөттөн кармалышат.

""Чон-Капка" бажы бекети 2004-жылы эл аралык деген статусту алган, башкача айтканда жакынкы жана алыскы чет өлкөдөн келген жүктүн баардык түрлөрү үчүн ачык",- дейт Мамбетов. Анын айтымында, "Бирдиктүү терезе" системасы азырынча "Чон-Капка" бекетине киргизиле элек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222831

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.