Жолдошова вице-спикерди оппозициядан шайлоону талап кылды

  18.04.13   11:20
 343

Бүгүн, 18-апрелде, парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова вице-спикерди токтоосуз түрдө оппозициядан дайындоону талап кылды.

Эскерте кетсек, "Ата-Журт" фракциясынан вице-спикер Талант Мамытов өзүнүн кесиптештери Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен бирге "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен бир жарым жылга сот тарабынан эркинен ажыратылган.

Жолдошова ЖКдагы президенттин атайын дайындалган өкүлү Орозбек Молдалиевге мамлекет башчысына "республикада бышып келе жаткан саясий кризисти чечиш үчүн баардык конструктивдүү тараптардын күч-аракетин бириктирүү зарылдыгы" тууралуу айта баруусун өтүндү. "Биз вице-спикер тууралуу маселени чечишибиз керек. Ал оппозициядан дайындалууга тийиш, ошол эле маалда күчтүү жана кадыр-барктуу болушу керек",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222832

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.