Өкмөттөн сегиз айда аткарылган иштин отчетун талап кылышты

  18.04.13   11:25
 361

Бүгүн, 18-апрелде, парламенттин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев өкмөттөн сегиз айдын ичинде аткарылган иштер тууралуу тез арада отчет берүүсүн талап кылды.

Эскерте кетсек, азыркы иштеп жаткан министрлер кабинети 2012-жылы сентябрь айында өкмөт башчынын кызматынан Өмүрбек Бабанов кеткенден кийин жана "Ар-Намыс", "Ата Мекен", СДПК фракциялары кирген "Ырыс алды ынтымак" парламенттик коалиция көптүгү түзүлгөндөн соң ишке киришкен.

Маматалиев өкмөт буга чейин эле коалициялык келишимде көрсөтүлгөндөй, өз иштери боюнча отчет берүүгө тийиш болчу деп эскертет. "Өкмөт Жогорку Кеңештин алдында ар бир квартал сайын баяндама жасоого тийиш, мына май айы келип калды, дагы деле отчет жок. Мен башында премьер турган министрлер кабинетин чакыртууну талап кылам",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222833

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.