Марс Сариев: Батукаевди чыгарып кетип бийликтин алсыздыгын көрсөткүлөрү келишкен

  18.04.13   11:29
 300

"Криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин темасын көтөрүү менен кээ бир саясатчылар азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөткүлөрү келишкен", - деп бүгүн, 18-апрелде, "ВБ"га серепчи Марс Сариев маалымдады.

Ал белгилегендей, бардыгын "Батукаевдин чыгып кетишине даярдалган документтердин тездиги сестентти". Сариевдин пикири боюнча, бул иш чарага учурда иштеп жаткан саясатчылардын катыштыгы сөзсүз бар. Алар авторитеттин өлкөдөн чуулгандуу чыгып кетиши менен бийликтин начардыгын жана коррупцияга белчесинен баткандыгын айгинелегиси келишкен.

Эске салсак, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди медиктердин рак оорусу менен ооруйт деп тастыктаган чечиминин негизинде 9-апрелде №4 Нарын СИЗОсунан бошотулган. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен кошо Кыргызстандан чартер рейси менен Грозныйга учуп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222834

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.