Депутаттар улуттук музыка күнүн белигилөөнү сунушташты

  18.04.13   11:44
 356

Бүгүн, 18-апрелде, КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов 15-апрелде Улуттук музыка күнү катары белгилөө сунушун киргизди. Анын айтымында, мындай демилге маданияттын деңгээлин жана улуттук музыканын аброюн көтөрүүгө көмөктөшмөк.

Бул сунушту "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова да колдоду. Ал мындан мурдараак да жогорудай демилге көтөрүп чыкканын кошумчалады. Ушундай эле суроо-талап менен ага да бир нече жолу чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү кайрылганын кошумчалады. "Улуттук музыканын статусун көтөрүү үчүн биз мындай майрамга муктажбыз", - деди депутат Мамырова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222835

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.