Өмүрбек Текебаев: Кылычбек Султанов өз ишин жакшы аткарды

  18.04.13   11:49
 311

"Мен Кылычбек Султанов Социалдык өнүгүү министри кызматында өз ишин жакшы аткарды деп эсептейм",-деп билдирди бүгүн, 18-апрелде, "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев.

Текебаев министрликте натыйжалуу реформалар жүргүзүлүшү үчүн өкмөт макулдашып иш алып барууга тийиш экенин белгиледи.

"Өкмөт реформанын багытын, тапшырмаларын жана максаттарын аныктоого тийиш, андан кийин гана министрден талап кылышы керек. Жөн гана сындап коюуга болбойт. Ошондой эле реформаны реформа жасаш үчүн эле жүргүзүүнүн кажети жок, бул вице-премьер жана премьер координациясын ишке ашыра турган макулдашылган иш болушу керек",- деп эсептейт ал.

Атамекенчи ошондой эле Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арызына өз пикирин айтты. Анын көз карашында, чиновник моралдык-этикалык жактан өзүнүн жакшы жагын көрсөттү. Депутат өкмөт башчы азырынча Султановдун кызматтан кетүүсүнө макулдук бере электигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 16-апрелде "Султанов вице-премьер-министр Камила Талиеванын анын дарегине айткан сын-пикиринен улам кызматтан кетүү тууралуу арыз берди",- деген маалымат айтылган. Кийинчерээк бул кабарды ведомствонун өзү да тастыктаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222836

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.