Өкмөт башчы тарабынан акимдерди жумуштан алуунун мыйзамсыз экенин айтышты

  18.04.13   12:26
 282

"Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды жана каржы тартибин бузушту" деп алты акимди кызматтан бошотуу тууралуу токтом чыгарып мыйзамды бузду",- деп билдирди бүгүн, 18-апрелде "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев парламент жыйынында.

Ал райондун акимдери жергиликтүү кеңештер тарабынан шайланаары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын шайлоо мыйзамында белгиленгенин айтты. "Эгерде шайланган адам кызматтык талаптарга жооп бербесе, андан жергиликтүү кеңештер район акимдерин кызматтан алып, алардын ордуна башкасын шайлап алышсын. Өкмөт башчы өзүнүн токтомун кайра чакыртып алуусу керек деп эсептейм",- деди Бокоев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222838

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.