Эксперт туркомпанияларга "сезон" деген сөздү унутууну сунуштады

  18.04.13   13:24
 309

Бүгүн, 18-апрелде, "Иссык-Куль Аврора" санаторийинде өтүп жаткан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү маселелерин талкуулаган тегерек үстөл учурунда, брендинг боюнча эксперт Максат Чекиев чиновниктердин лексиконунан "сезон" деген сөздү алып салууну сунуштады. Өз бизнесине залакасын тийгизбөө үчүн бул аныктаманы туркомпаниялар да унутушу керек, деп айтты.

Чекиевдин ою боюнча, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү убакыт менен чектөө региондун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. "Эгер сезондун башталышы бар болсо, демек анын аягы да бар. Бул позиция биздин атаандаштарыбызга абдан ыңгайлуу, мисал үчүн Казакстанга. Аларга биздин потенциалдык туристтерибизге Ысык-Көлгө азыр барбагыла, себеби, учурда "сезон эмес" деп айтууга абдан ыңгайлуу. Ошол эле учурда бул жакта эс алуучуларды жыл бою кабыл алган мекемелер бар", - деди эксперт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222842

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.